Бүгүн, 2-сентябрда Москва шаарында манасчы Дөөлөт Сыдыковдун манас айтып жатканына 44 сааттан өттү. Бирок бул убакыт ичинде тамактануу жана эс алуу болгон. Бул тууралуу уюштуруучу Гүлзар Кокенова билдирди.⠀
“Азыр убакыт 44 саат 6 мүнөт болду. Бирок ортодо эс алуу жана тамактануу болду.⠀Учурда Москвада саат 07:07. Өзгөчө таңкы маалда ачылып айтып жатат.⠀Дөөлөт байке токтогондо күлүп, жайдары, тагыраагы маанайы жакшы. Кудай буюрса, акыбалы жакшы көзөмөлдөө болуп жатат”, – дейт Кокенова.
Белгилей кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков 31-августтан тарта Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн бою манас айтууну баштаган.