Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдыз Жолдошеванын акыркы жүрүштѳрүнѳ баам салсак, Жылдыз айым партиялашы жана санаалашы Камчыбек Ташиевден жүзүн буруп, Текебаевге ыктай баштагандай. Сыягы, алдыдагы шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын курамында депутаттык мандат үчүн күрѳшѳт окшоп калды.

Ага ичи тарлыгыбыз деле жок, саясатта ким менен болот, кимди колдойт, кимди жактап, кимди сындайт, Жылдыз айымдын жеке иши. Айтайын дегенибиз,  бир кездери Текебаевди бир беткей жамандап, анын саясаттагы жүрүштѳрүн сынга алып, атүгүл аял экенине карабай башкы атамекенчини кѳтѳрүп чапкан Жылдыз айымга бүгүнкүдѳй жүрүшү  абийир алып келбейт.

«Ташиев мени сатып кетти» деп билдиргени канчалык негиздүү?  Биз билгенден Камчыбек мырза санаалаш, партиялаштарын дегеле сатпаган, орой айтканда «кидать» этпеген адам. Демек, максималисттиги менен айырмаланган Жылдыз Жолдошева бүгүнкү бийлик башындагылардан кѳптү талап кылып, анысы аткарылбаганда оппозицияга ѳткѳн болуп калабы? Жылдыз айым саяаатта достук эмес, кызыкчылыктар гана боло турганын даги бир жолу далилдеп атат десек болот.

Бирок кызыгы, Текебаев – Жолдошева тандеминин «ѳмүрү» канчага созулат? Кесе айталы, шайлоо бүткѳнгѳ чейин гана. Андан кийин экѳѳсүнүн «жылдыздары» келишпей, Текебаевден оолактаганын, аны менен бир боло албасын айтып, башкы атамекенчини сынга алып чыкса, ага таң  калбай эле коелу. Кыргыз саясатында  баары болот…

Алмаз Абдразаков