Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) энергетика жана инфраструктура министри Сухейл Мохаммед Аль Мазруи баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстанга энергетика, айыл чарба, туризм жана инфраструктура чөйрөсүндөгү ири араб компаниялардын өкүлдөрүнөн турган делегация келди. Алардын арасында «DPWorld», «MASDAR», «ADQ», «Абу-Даби өнүктүрүү фонду», «Royal Group», «Earth Retai», «Fresh Harvest» сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери бар.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттары менен эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө, ошондой эле ата мекендик экономиканын бардык секторлорунда инвестициялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга, ишке ашырууга кызыкдар жана даяр.

«Өлкөнүн аймактарында жумуш орундарын түзгөн өндүрүш компанияларынын үзгүлтүксүз иштешине жана алардын туруктуу өнүгүүсүнө бардык тийиштүү шарттар түзүлүп берилет. Ал эми инвесторлорду колдоо жана коргоо маселеси менин жеке көзөмөлүмдө турат.

Белгилеп кетейин, мамлекет тарабынан инвесторлорго шарттарды түзүп берүү жана аларды коргоо боюнча атайын берене Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына киргизилди. Анын негизинде бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип жатат, ошондой эле атайын Инвестициялар министрлиги да түзүлдү.

Кыргызстан өз тарабынан эмираттык бизнестин өкүлдөрүнө бардык жардамдарды көрсөтөт, тактап айтканда ийгиликтүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт», — деп ишендирди Мамлекет башчысы.

Жолугушуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров кыргыз тарап Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахаяндын Кыргызстанга келишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын кошумчалады. Мындан сырткары, Президент жакын арада Абу-Дабиге расмий сапар менен барууну пландап жатат.

Ошону менен бирге Президент эки өлкө кызматташтыгын чыңдоо жана тереңдетүү максатында Кыргыз Республикасында БАЭнин дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуунун маанисин белгиледи. Элчиликтин ачылышы Кыргызстандагы эмират бизнесин шыктандырып, анын ийгиликтүү иштешине шарт түзөт.

Өз кезегинде БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Садыр Жапаровго БАЭнин Президенти Халиф ибн Заид Аль Нахайяндын, ошондой эле БАЭ вице-президенти жана премьер-министри Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун жана Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын саламын жана жылуу каалоо-тилектерин жеткирди.

Жалпы делегациянын атынан кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык айтып, ал БАЭнин өлкөнү өнүктүрүү боюнча идея жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даярдыгын билдирди.

Сухейл Мохаммед Аль Мазруи анын визитинин максаты эки тараптуу кызматташтыкты өстүрүү жана өлкөлөр ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу экенин белгиледи.

Буга байланыштуу ал делегация курамында БАЭнин министрликтеринин өкүлдөрү да бар экенин белгилеп, өз ара аракеттенүүнү өкмөттүк деңгээлде активдештирүүнү сунуштады.

Сухейл Мохаммед Аль Мазруи билдиргендей, эмират тарапта БАЭге товарларды жеткирүүнү жолго коюу үчүн Борбор Азия өлкөлөрүндө соода-логистикалык борборлорду түзүү боюнча пландары бар.

Эки тарап тарап тең биргелешкен инвестициялык кызматташтыкты деталдуу иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, БАЭ делегациясы Президент Садыр Жапаров менен БАЭнин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайяндын телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын алкагында келди.