Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Башка буйрук менен аталган райондун акими болуп Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Тиешелүү буйруктарга мэр Айбек Жунушалиев кол койду.