Оштон Стамбулга жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, «Стамбул-Ош-Стамбул» маршруту боюнча жаңы туруктуу каттам 2021-жылдын 1-октябрынан тартып ишке кирмекчи.

Жүргүнчүлөрдү ташууну Pegasus авиакомпаниясы жумасына 3 ирет — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзмөкчү.

Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөттү түзөт.