2021-жылдын 3-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин имаратында ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев менен Кыргыз Республикасындагы РФдин Элчилигинин кеңешчиси-кичи элчиси Вадим Гусев жолугушту. Андан сырткары жолугушууга Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги Уланбек Султанов, аталган кызматтын кинологиялык борборунун начальниги Сергей Брюзгин катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө укук коргоо ишмердүүлүгү багытында, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө кызматташууну жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоо боюнча бир катар маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү учурдагы көп тараптуу байланыштардын кеңейишине оң таасирин тийгизет деп белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар көп жылдар бою түзүлгөн достук мамилелер эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарына ишенимин билдиришти.
Жолугушуу өз ара түшүнүшүү жана иштиктүү маанайда өттү.
ИИМдин Басма сөз кызматы