Бишкектин айрым райондорунда 3 күн жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ААКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Сухомлинов жана Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, 1985-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын сызылып чыгуусун токтотуу иштерине байланыштуу 7-сентябрдан 10-сентябрга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу газ Бишкек шаарынын Төмөнкү Жал кичи району, Д.Садырбаев, Гагарин, Тынчтык пр., Пожарский ч/к, Медеров, Абай, Ахунбаев, Ташкөмүр, Ажыбек Баатыр көчөлөрүнүн аймагында, Жылуулукэнергоремонт котелныйында өчүрүлөт.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.