Тажикстандын бийлиги Афганистан качкындарын массалык түрдө кабыл ала албай турганын расмий түрдө кабарлады. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Рамазон Рахимзода билдирди.

Рахимзода мунун себеби катары ооган качкындарын кабыл алууга өкмөттүн мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирип, эл аралык уюмдарды, анын ичинде Улуттар Уюмун Тажикстанга жардам берүүгө чакырды.

Рахимзоданын айтымында, учурда тажик-ооган чек арасынын ортосундагы нейтралдуу тилкеде 80дей оогандык үй-бүлө бар. Алар Тажикстанга кирүүнү көздөшөт. Министр ошондой эле АФганистандагы туруксуздук жана гуманитардык кризис «кошуна мамлекеттерге террорчулардын да агылышын» күчөтүшү ыктымалдыгын билдирди.

Акыркы 15 жылдын ичинде Тажикстан Афганистандан үч миңден көп үй-бүлөнү кабыл алган. Жыйырма жыл мурда бийлик өлкө түштүгүндө качкындар үчүн лагерге 70 гектар жер бөлгөн. Рахимзода бул убакыт ичинде бир да эл аралык уюм качкындарга инфрастуктура түзүүгө жардам көрсөтпөгөнүн кошумчалады.