Жалал-Абад облусунун аймагында үстүбүздөгү жылдын 7 айында жалпы 329 жол кырсыгы катталган болсо,  анын кесепетинен 76 жаран жол кырсыгынын  курмандыгы болгон, буга утурлай бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ЖКК жана УКТ башкармалыгынын башчысы Т. Досов жана штаб башчысы У. Умаровдор  Жалал-Абад облусунун аймактарында жайгашкан автобекеттерде жана ар тараптуу багыттарга жүргүнчү ташып каттаган такси кызматынын айдоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге айдоочулардын дагы көпчүлүк суроолоруна жооп берүүдө.

Т. Досов өз кезегинде оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын негизги себептерин дагы айтып өттү. Алар:

— эң биринчиден адамдык факторлор, башкача айтканда, айдоочулардын көбү жолдо өзүн алып жүрүү маданиятын сактабагандык.

— айдоочу уктабай же болбосо эс албай жолго чыгуусу.

— каттуу ылдамдыкта айдоо.

— карама-каршы тилкеге ошол учурдагы жолдогу кырдаалды эске албай чыгуусу.

Андан сырткары соңку учурларда адам өмүрү кыйылган жол кырсыктарында, негизинен өз убагында эс албай, уктап кеткендиктен болуп жатканын эскертип айтып өттү. Буга чейин мындай иш-чаралар Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда  райондук ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан дагы жүргүзүлүп, Бишкек багытына жүргүнчү ташып такси кызматын аркалаган ар бир айдоочуга эскертмелер таркатылган.

Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн басма сөз кызматы