Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн танк экипаждарынын курамасы Россиянын Алабино аскер машыгуу полигонунда өткөн “Танк биатлону — 2021” таймашынын жеңүүчүсү болду.

Кыргызстандын командасы биатлондун экинчи дивизионунда күчүн сынады.

Финалдык жарыш бүгүн Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Алабино полигонунда «AрMИ-2021» эл аралык армия оюндарынын алкагында өттү.

Кыргыз танкерлери көк танктарда оюн көрсөтүштү. Алардын атаандаштары Тажикстан, Мьянма жана Түштүк Осетиянын аскер кызматкерлери болгон.

Эстафета түрү боюнча жарышта кыргыз танкисттери 24 бутанын ичинен 11ине тийип, башка атаандаштарына караганда алдыга чыкты. Ал эми маарага 2 саат 16 мүнөтт 51 секундда келди.