Белгилүү журналист Кенжебек Арыкбаевдин дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу макаласын Facebook социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Автордун макаласын биз дагы окурман журтуна сунуштоону туура көрдүк. Макала өзгөртүүсүз берилет:

«Журналистика – бул коомдун тамырын кармап, анын пульсуна баа берип туруучу кесип. Эң негизги курал! Кезинде чамгарактай күчү бар Наполеон “Үч армияга караганда үч гезиттен корком” деп жөн жерден айтпаса керек. Ааламга аттын кашкасындай таанымал алп жазуучу Ч.Айтматов да кезинде: “Журналист – доордун эң башкы каарманы” деген баасын берген.

Дүйнөдө жаңы системаны жараткан Ленин да “Журналисттер – коомдун санитарлары” дегеничи. “Баш кесмек бар, тил кесмек жок” дейт, анын сыңарындай так ушул жазма ээлерин социалдык жана кесиптик жактан коргоого алчу “Эл аралык журналисттер федерациясы”, “Журналисттердин Эл аралык бирикмеси”, “ Чек арасыз репортерлор” аттуу Эл аралык бирикмелер жана сөз эркиндигин сыйлаган өлкөлөрдө “Журналисттер союзу” деген коомдор жөн жеринен түзлбөгөн чыгаар.

Азыркы тапта дүйнөнүн дээрлик аймагында маалымат саясаты күч алып, “маалымат согушу” боркулдап жаткан учур. Орустардын Путини айрыкча соңку жылдары өздөрүндөгү ММКлардын дээрлик далайын бир муштумга бириктирип, мамлекеттин идеологиялык саясатын коргой турган өзүнчө эле чеп кылып салды.

Эл аралык журналистикасын моралдык да, финансылык да жактан сүрөп олтуруп ушу тапта алар ааламдагы “Азаттык”, Би-Би-Си, СNN деген сыяктуу алптар менен таймашып барат.

Бизде негедир тескерисинче. Эки-үч бийликтин учурунан бери 92-жылы жаралган сопсонун болгон «Массалык маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзамды» тытмалаганы тытмалашкан. Ушул мыйзамды канча кескилешти. Кескилеп да жатышат. Неге десең, жооптору даяр, «өлкөнүн коопсуздугун ойлошубуз керек» таризиндеги ойлорун көтөрүп чыгышат. ММКнын тилеги деле ошол, Мекенин алар ошол “коргоочулардан” ашыкча сүйбөсө кем сүйбөйт!

Өкүнүчтүүсү, ушу тапта ар кандай факторлордун таасиринен улам биримдиктүү журналистика жик-жикке “бөлүнүп”, натыйжада Кыргызстандагы бир нече лагерге бөлүнүп калды. Ал эми кетирилип жаткан каталарды бетке айткан ММКларды (“небоскробдогу” “акыл айтчулардын” аракетинен уламбы же башка “компастарыбы”) мамлекет башчысына “бөө” көрсөткөн ыкма токтобос болду. Кимиси бийликке келсе да. Болбосо ошол эле жол башчыларыбыз көчөдө кыйкырып жүрүшкөндө алардын калканы да, найзасы да, трибунасы да болуп, керек болсо алар менен кошо кейип, кошо кайгырган көз карандысыз ММКлар болгон. Ошол эле саясатчылар кезинде “Үнүм жетпей калса журналисттер аркылуу айтам…” деп таянгандары эркин ММКлар болгону да тарыхта турган чындык. Өлкө башына түшкөн оор учурларда элдин абийрин, ар-намысын козгоп, коомчулукту улуу ишенимге үндөп, акыйкаттын жарчыларынан болуп келишкен да ММКлар.

…Мамлекетибиздеги калктын калың контингенти деградация сыяктуу абалдын айланасында турганда, (Мекенин чындап сүйгөндөр өнүгүп, өсүүгө ниет артып турганда) Кыргызстандагы журналистика көз караштары ар кыл болсо да өлкөнүн эртеңки келечеги үчүн масштабдуу иште бир муштумга бириге алсак гана! Бөркүмдөй салыштырам, эгер журналисттер ошондой аракетти артынышса, ММКдан өткөн күч болмок эмес! Өлкөдө болсо маселе толтура…

Мына, алардын бирден-бири: алдыда парламенттик шайлоо келетат. Ошол аламанда ат салышабыз деп 75 партия, (Неге мынча «аз») асылы деле, башкасы деле билдирип чыгышты.

Бир мандаттуу болду болгон 34 округдан дагы далайлары чыгат. Мындайда, кимисинин ким экенин, кимиси мамлекет үчүн чындап кызмат кыла алышат да, кимиси “…” (“ошондой”) экенин ачык, так жазып, ал эми арасындагы “акыр-чикирлердин” ТАРПЫН чыгарып салчу МИССИЯ Кыргызстан журналистеринин алдында турат. Баарыңарга ийгилик анда, журналисттер, кесиптештер, Төртүнчү бийликтин ээлери!».

Кенжебек Арыкбаев, журналист.