Өлкөдө  6-сентябрга карата коронавирус дагы 109 адамдан аныкталып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  Бишкек шаарында – 36, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 31, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусу – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 101 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 845 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 109 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 582 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 624 киши айыгып чыкса, 2 миң 554 адам каза болду.