Бүгүн, 6-сентябрда Москвада 5 күн, 5 түн Манас айтуу  иш-чарасы Москва убактысы менен саат 12:00дө токтотулду. Манасчы Дөөлөт Сыдыков жалпысынан 111 саат манас айтты. Иш-чара Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин астында салтанаттуу түрдө жыйынтыкталды. Бул тууралуу мансчынын жубайы Ырыс Окенова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Дөөлөт Сыдыков бүгүнкү күнгө чейин убак-убагы менен эс алып, Манас айтып жаткан.

«Москвадагы кыргыз диаспорасынын, элчиликтин колдоосу менен бул иш-чара жогорку деңгээлде өттү. Бул күндөр аралыгында миңдеген мекендештерибиз элчиликтин имаратына келип, Манас угуп кетишти», — деген ал.

Эске салсак, Дөөлөт Сыдыков 5 күн, 5 түн манас айтууну 31-август күнү баштаган. Мындан бир күн Сыдыковдун манас айтып жатканына 100 сааттан ашканы маалымдалган.