Бүгүн 7-сентябрда, Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан кабарлады.

Электриктер бригадасы борбор калаанын айрым аймактарында трансформатор подстанцияларын оңдоп, башка дагы ремонт иштерин жүргүзмөкчү.

Өчүрүүлөр графиги:

9:00дөн 13:00гө чейин — Медеров, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү жана Кокандский тар көчөсү;

9:00дөн 17:00гө чейин — №32 мектеп;

9:00дөн 18:00гө чейин — Жаш гвардия проспектисинин, Тимирязев, Түлөбердиев, Худайбергенов, Боталиев, Жаманбаев, Айни көчөлөрүнүн жана Пензенский тар көчөсүнүн айрым бөлүктөрү. Ак-Босого (Чүй, Ак-Чөлмөк, Бекбекей, Кырк-Кыз, Тагылдыр-Тоо көчөлөрү), Арча-Бешик (Абдрахманов, Арча-Бешик, Кызыл-Адыр, Ойсул-Ата көчөлөрү), Көлмө (Теңдик, Илим, Мыскал, Дастан, Биримдик, Жаштык, Достук, Жеткинчек Сейил, Мидин көчөлөрү), Ак-Өргө (Ынтымак, Проектируемая, Соң-Көл, Тимур Фрунзе, Адилет, Мурманская, Алты-Бакан көчөлөрү) конуштары;

9:30дан 17:00гө чейин — Тыныстанов көчөсүндөгү №2 үй;

9:30дан 18:30га чейин — Жибек жолу проспектиси, Куликовская көчөсү жана Черкесский тар көчөсүнүн айрым бөлүктөрүндө.