2021-жылдын 6-сентябрында Брюсселде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа Биримдигинин Борбордук Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту. Сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын Европа Биримдигиндеги Туруктуу өкүлү, Элчи Муктар Джумалиев жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы, Элчи Эдуард Ауэр да катышышты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-европа кызматташтыгын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык формат алкагында өз ара аракеттенүүнү талкуулашты. Европа Биримдигинин Кыргызстандагы учурдагы долбоордук ишмердүүлүгү, ошондой эле жаңы долбоорлор боюнча, анын ичинде 2021–2027-жылдарга карата иштелип чыккан көп жылдык индикативдик программанын алкагында конструктивдүү пикир алмашуу болду.
Европа Биримдиги өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашырууда Кыргыз Республикасына ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.
Аймактык форматтагы өз ара аракеттенүү маселелерин көтөрүп, маектештер Афганистандагы кырдаал, анын ичинде Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү маселелерине токтолушту. Европа тарап кыргыз бийлигинин афгандык студенттерге өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 500 виза берүү чечимин кубаттады.
Бул жылы эки тараптуу эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги иш сапарларга байланыштуу маселелер, ошондой эле 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте өтө турган Евробиримдик – Борбордук Азия биринчи экономикалык форумуна биргелешкен даярдыктар өзүнчө талкууланды.
Н.Ниязалиев коронавируст пандемиясы менен күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн, ошондой эле COVAX программасы аркылуу вакциналарды алууга жардам бергендиги үчүн европа тарапка ыраазычылык билдирди жана жакынкы арада дагы бир партияны алууга үмүтүн билдирди.