Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй кең көчөсүнөн Фрунзеге чейинки бөлүгү 17:00дөн 23:00гө чейин жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жолдун убактылуу жабылышы футбол боюнча «Үч улуттун кубогу» эл аралык турнирин өткөрүүгө байланыштуу.

Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгү дагы жабык болот.

«Кайгуул милиция башкармалыгы айдоочуларды чектөөлөрдү түшүнүүнү жана жолду алдын ала пландаштырып алууну өтүнөт»,-деп айтылат маалыматта.