Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык жогорку аскердик наамдарын ыйгаруу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Жарлыктарга ылайык:
- Иманкулов Марат Мукановичке генерал-лейтенант наамы берилди;
- Өмүралиев Таалайбек Барыктабасовичке — генерал-лейтенант наамы берилди;
- Бекболотов Бакытбек Асанкалиевичке — генерал-майор наамы берилди;
- Шаршеев Уларбек Зарлыковичке — генерал-майор наамы берилди.