Президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев  Садыр Жапаровдун уулу Рустамдын депутаттар менен жолугушууларды өткөрүп жатат деген маалымат боюнча комментарий берди.

«Президент туугандарынын саясий процесстерге аралашуусу тууралуу позициясы өзгөрүүсүз. Мамлекет башчысы буга чейин, өзүнүн жакын туугандарынан эч кимисинин саясий процесстерге аралашуусуна, ошондой эле кайсыл бир жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербесин бир нече жолу белгилеген», — деп президенттин пресс-катчысы маалымдады.

Эске салсак, бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров Бишкектеги кофейняларда талапкерлигин койгон депутаттар менен жолугуп, сүйлөшүүлөрду жүргүзуп жаткандыгын Telegram-каналына жазган.