Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Венгрия Өкмөтүнүн ортосунда Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги жол-жоболорду өткөрүү болуп саналат.
Фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын алгылыктуу тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерине карата башка финансылык инструменттерди колдонуу аркылуу каржылашы күтүлөт.

Бул боюнча Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда экономикалык жаатта кызматташуу, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалып жатат.

Фонд эл аралык уюм болуп, анын уставдык капиталы 16 миллион АКШ долларын түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды 50 миллион долларга чейин көбөйтүү ниетинде. Уставдык капиталдын үлүштөрү Венгрия тарабынан камсыздалат.