2021-жылдын 7-сентябрында Брюсселде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Европа тышкы байланыштар кызматынын Россия, Чыгыш өнөктөштүгү, Борбордук Азия, регионалдык кызматташуу жана ЕККУ боюнча башкаруучу директору Михаэль Зиберт жана Европа комиссиясынын Эл аралык өнөктөштүк боюнча Башкы дирекциясынын Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаментинин башчысы Сара Ринальди менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

М.Зиберт Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн мааракеси менен куттуктап, Кыргыз Республикасына мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү жана демократиялык кайра куруу жолунда ийгиликтерди, ошондой эле Кыргызстан элине жакшылык, тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Тараптар кыргыз-европа мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти. Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашуу болду. Алар өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Тараптар бул жылы пландаштырылган эки тараптуу эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарлар, Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашууга кол коюу, 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкекте ЕБ-БА биринчи экономикалык форумун өткөрүү боюнча маселелерине токтолушту.

Тараптар ошондой эле Кыргызстандагы Европа Биримдигинин долбоорлорун жана программалык ишмердүүлүгүн, анын ичинде 2021-2027-жылдарга карата көп жылдык индикативдик программаны жана регионалдык индикативдик программаны талкуулашты.

Калкты эмдөө боюнча өз ара аракеттенүү маселеси өзүнчө талкууланды. Нуран Ниязалиев коронавирус пандемия менен күрөшүүдө Европа биримдиги көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын жана жакынкы арада COVAX программасынын алкагында вакциналардын дагы бир партиясын алууга үмүтүн билдирди. Кыргыз тарап ЕБге мүчө мамлекеттердин аймагына кыргыз жарандарынын кирүүсүн жеңилдетүү үчүн эмдөө сертификаттарын таануу маселесин да көтөрдү.

Регионалдык кызматташтыктын алкагында, Ооганстандагы азыркы кырдаал талкууланды. Тараптар миграциялык жана гуманитардык кесепеттерди жоюу боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун, ошондой эле аймактык коопсуздукка коркунучтарга каршы турууну кеңири талкуулашты.

Европа тарап кыргыз бийлигинин афгандык студенттерге өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 500 виза берүү чечимин кубаттады.