Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Президент Садыр Жапаров Кыргызстан курама командасы  Бангладешти жеңгенден кийин, кийүүнүчү  жайда эмнени айтып бергенин ачыктады.

«Президент кийим алмаштыруучу бөлмөгө кирип, команданы куттуктады. Ал стадион курууну пландап жатканын айтты. Бул убада деп айта албайм. Бул  президенттин сөзү», — деди Александр Крестинин.

Жолугушуу 7-сентябрда Бишкекте өтүп, 4:1 эсебинде Кыргыз курама командасынын жеңиши менен аяктады.