Министрлер кабинети Россиянын өкмөтү менен экспорттук алымдарды төлөбөстөн берилүүчү автомобиль бензининин көлөмүн көбөйтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги билдирди.

Министрлер кабинети, Россия менен келишимге ылайык, жылына 460 миң тонна бензин алым төлөбөстөн Кыргызстанга берилерин белгилейт. Орус тараптын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасына 398 миң тонна бензин жеткирилген. Кыргызстандагы бензиндин калган бөлүгү күйүүчү-майлоочу майды импорттогон коңшу өлкөлөргө караганда арзаныраак.

Эске сала кетсек, буга чейин Нефтетрейдерлер биримдиги Кыргызстан алымдарсыз (пошлина) бензиндин бардык көлөмүн тандап алганын, эми экспорттук пошлинаны төлөө менен күйүүчү майды импорттоп жатканын жарыялаган. Мындан улам күйүүчү майдын баасы дээрлик 2 сомго көтөрүлүшү мүмкүн. Акыркы бир жумада күйүүчү- майлоочу майлар дээрлик 1 сомго кымбаттады.