Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында Жогорку Кеңешке шайлоодо добуштар кандайча эсептелерин айтып берди.

Анын айтымында, партиялык система боюнча Жогорку Кеңешке өтүү үчүн саясий биримдиктер шайлоочулардын жалпы добушунун 5%ын жана ар бир облустан жана Бишкек жана Ош шаарларынан 0,5%дан кем эмес добуш алышы керек.

Шайлдабекова түшүндүргөндөй, шайлоочу партиялык система боюнча бюллетенге эки белги (галочка) коюшу керек – партияны тандоо үчүн жана бул саясий бирикмеден белгилүү бир талапкер үчүн.

“Эгер шайлоочу партияга добуш берип, бирок талапкер үчүн белги койбосо, анда бюллетень эсептелет. Ал эми эгер талапкерге добуш берип, бирок партияны тандабаса анда ал бюллетень эсептелбейт», – деди ал.

БШК төрайымы бул система боюнча жыйынтыктарды чыгаруу үчүн азыртан эле партия үчүн жана талапкер үчүн добуштарды өзүнчө эсептей турган программа иштелип жатканын кошумчалады.

Бир мандаттуу системада добуш берүүнүн жыйынтыгына келсек, өз округунда эң көп добушка ээ болгон талапкер жеңүүчү деп табылат.

“Жалпысынан шайлоодо эки бюллетень жана эки урна болот. Бир бюллетень пропорционалдык добуш берүү системасы үчүн, экинчиси бир мандаттуу система үчүн”, – деди Шайлдабекова.