Дарыгер күз мезгилиндеги жылуу аба ырайы ден соолукка коркунучтуу экенин эскертти. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде «Сиздин доктор» клиникасынын башкы дарыгери, терапевт Татьяна Романенко билдирди.

Анын айтымында, күндүз температуранын олуттуу өзгөрүүсү менен коштолгон суук жамгыр гипотермияга алып келет,  натыйжада суук тийип, вирустук инфекциялар күчөйт. «Мунун алдын алуу үчүн, сиз үйдөн сыртка чыгып жатканда жылуу кийим алганды унутпоо керексиз. Күн ысыганда сырткы кийимиңизди чечип, өзүңүздү жайлуу сезесиз. Кокус жамгыр жаап, күн суута баштаганда, жылуу кийимди кийип аласыз», — деди эксперт.

Дарыгер бут кийимге өзгөчө көңүл буруу жана суу өткөрбөөчү моделдерди тандоо керектигин кошумчалады. Эгерде бутуңуз суу болсо, дароо эле кургак бут кийимге алмаштырган оң, анткени «бардык ооруулар бизге тоңуп калган жана нымдуу бут аркылуу келет», — дейт Романенко.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет маалымдагандай, 10-11-сентябрда өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.