Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматы базардагы соодагерлердин «коомчулукка билдирбестен бажы төлөмдөрүн эки эсе жогорулатуу» жөнүндөгү билдирүүсүнө түшүндүрмө берди. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 8 -сентябрда соодагерлер «Бажы төлөмдөрү Кыргызстанда көтөрүлгөн» деп нааразы болуп, «Дордой» базарында митингге чыгышкан.

Бажы кызматы, бажы алымдарынын жана салыктарынын белгиленген ставкалары өзгөрбөгөнүн билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстандын бажы аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн товарларды импорттоодо ЕАЭБдин Бажы кодексине ылайык, төмөнкү бажы төлөмдөрү төлөнөт:

-товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттер үчүн бажы алымы — товардын бажы наркынын 0,25%;

-ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифи менен белгиленген чендер боюнча импорттук бажы алымы;

-кошумча нарк салыгы — 12%.

Импорттук бажы алымдарынын ставкалары Евразия экономикалык биримдигине мүчө беш мамлекет үчүн бирдей.

«Бажы наркы бажы төлөмдөрүн эсептөө үчүн негиз болуп саналат, ал эми импорттук бажы алымынын ставкасынын өлчөмү товарлардын туура классификациясына жараша болот», —  деп түшүндүрүштү мекемеден.

Алар ошондой эле белгиленген бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга аракет кылып, бажы декларациясында товарлар тууралуу такталбаган маалыматтарды белгилешерин айтышты. Мисалы, импорттук бажы алымдарынын жогорку ставкалары белгиленген «кийим, бут кийим» категориясындагы товарлардын ордуна төмөн ставкасы бар товарлар декларацияланат.

Мамлекеттик бажы кызматы базар соодагерлери жүк ташуучуларга товардын салмагы үчүн төлөшөрүн жана мындай товарлардын акыркы наркы кантип пайда болгонун билбей турганын айтышат.

Мындан тышкары, бажы кызматы Түркиянын, Өзбекстандын жана Кытайдын бажы кызматтары менен башкарууну жакшыртуу максатында, ташылып жаткан товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу маалыматтын электрондук маалымат алмашуу механизми иштелип жаткандыгын маалымдайт.

Ошону менен катар, импорттоочуларды жалган маалымат таратпоого, суроолор менен түздөн -түз Мамлекеттик бажы кызматына кайрылууга чакырат: 0312 51 06 30.