2021-жылдын 9-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси жабдыктарды жана жеке коргонуучу каражаттарды тапшыруу иш-чарасы өттү.

Сотторду жана укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында техникалык жардам көрсөтүү боюнча иш-чарага ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин  Аскердик-саясий департаментинин полиция маселелери боюнча кеңешчиси  Бедарёв Константин Викторович, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин  кеңешчиси   Мамыров Шамшыбек Сабырбекович,  улук программалык жардамчысы Мурзалиев Самат Сайпиллаевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Укуктук камсыздоо жана   эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги Нурбек Жангабылов жана ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты.

ИИМдин УКЭКБнын начальниги Нурбек Жангабылов ЕККУга тапшырылган жабдыктар жана жеке коргонуучу каражаттар үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

“Бул жабдыктар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин техникалык инфраструктурасын өнүктүрөт деп толук ишенем”,-деди Нурбек Жангабылов.

Өз кезегинде Константин Бедарёв Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине колдоо көрсөтүп жаткандарына кубанычта экендигин билдирип, биздин бирдиктүү иштерибиз мындан ары дагы токтобостон,  өнүгө берет деп баса белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кыматы