Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, кыргыз профессору, акыны, кыргыз жазмасынын негиз салуучусу, чыгаан мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун туулуп өскөн Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында орнотулган эстелигине гүл койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Быйыл Кыргызстандын белгилүү чыгаан инсандары Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгынын урматына мааракелик иш-чаралар республикалык деңгээлде өтүп жатат.

Ушул эле жерде Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар, алардын арасында Касым Тыныстановдун туугандары жана чөбөрөсү менен баарлашты.

Айылдын аксакалдары жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка колдоосун билдирип, Өлкө башчысына мамлекеттик программаларды жана реформаларды ишке ашырууда ийгилик каалашты.