Ысык-Көл районунда милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу аймактын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда Пакистандын эки жараны Ысык-Көлдүн жээгинде самынданып жуунуп жатканы тартылган видео тараган. Аталган видео социалдык тармактарда коомчулуктун арасында терс пикирлерди жараткан.

Ушуга байланыштуу Ысык-Көл райондук ИИО кызматкерлери аларга тушүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, көлдө самынданып жуунууга болбой турганын айтышкан.

Мындан тышкары, чет өлкөлүктөргө санитардык-эпидемиологиялык эрежелерин жана сууга түшүүдө коопсуздук чараларын сактоо эскертилди.