Өзбекстанда Шавкат Мирзийоев расмий түрдө президенттик шайлоого талапкер болуп бекитилди. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазышты.

Билдирүүгө ылайык, анын талапкерлигин Либерал-демократиялык партиясы көрсөткөн.

Белгилүү болгондой, Өзбекстанда президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт. Бүгүнкү күндө республикада катталган беш саясий партия тең өз талапкерлерин көрсөтүштү. Өлкөнүн президенти беш жылга шайланат. Талапкердин жашы 35тен кем эмес болуп, мамлекеттик — өзбек тилин билиши керек.