Маммамлекеттик катчы тарабынан  мамлекеттик тилди колдонгон жаш муундун чөйрөсүн кеңейтүү  үчүн о.э. адеп-ахлактык таалим тарбия руханий маданиятын өнүктүрүү боюнча чыгармалардын сынагы жарыяланды.

Жаш муундун адеп-ахлактык таалим-тарбиясын, руханий маданиятын өнүктүрүү боюнча чыгармалардын сынагынын

ЖОБОСУ!

  1. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан «Келечек» программасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы тарабынан каада-салттарды, үрп-адаттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүүгө, руханий-адеп-ахлактык жана маданий дөөлөттөрдү илгерилетүүгө багытталган чыгармалардын ачык сынагы жарыяланат.

  1. Сынактын максаты

​Сынактын негизги максаты болуп төмөнкүлөр саналат:

− жаш муунду руханий адеп-ахлактыкка, мекенчилдикке тарбиялоо;

− жаштардын аң-сезимин руханий-интеллектуалдук маданияттуулукка тарбиялоочу китептерди, чыгармаларды жайылтуу;

− жаш муунга таалим-тарбия берүү, алардын дүйнө таануусун жана эмгекке шыктануусун, активдүү жашоо жана кесиптик позициясын, табиятка камкор мамиле кылуусун калыптандыруу;

− жарандардын чыгармачыл жөндөмдөрүн ачуу жана өнүктүрүү, инсандын өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү;

− улуттук баалуулуктарды, элдик наркты, каада-салттарды жана маданиятты таанытуу;

− мамлекеттик тилди колдонгон жаш муундун чөйрөсүн кеңейтүү.

  1. Сынактын шарттары.
  2. Сынактын катышуучуларына карата эч кандай чектөө коюлбайт (жашы, улуту, жашаган жери же өлкөсү ж.б.). Бир катышуучу бир нече эмгеги менен катышууга жол берилет.
  3. Сынакка төмөнкү төрт бөлүмгө арналып жазылган чыгармалар (ырлар, кара сөз менен жазылган аңгемелер, жомоктор, сүрөттөмөлөр) кабыл алынат:

1) Наристе бөбөк (3 жаштан 6 жашка чейинкилер үчүн);

2) Тестиер курак (7 жаштан 9 жашка же 1-класстан 4-класска чейинки курактагылар үчүн);

3) Жеткинчек (10 жаштан 12 жашка же 5-класстан 8-класска чейинки курактагылар үчүн);

4) Өспүрүм (13 жаштан 16 жашка же 9-класстан 11-класска чейинки курактагылар үчүн).

  1. Сынактагы ар бир бөлүмгө өз өзүнчө байгелүү орундар каралат:

Биринчи байге 100 000 (жүз миң) сом.

Экинчи байге 70 000 (жетимиш миң) сом.

Үчүнчү байге 50 000 (элүү миң) сом.

Кызыктыруучу эки сыйлык – ар бири 30 000 (отуз миң) сом.

Ушул эле бөлүмдөргө тиешелүү дүйнөлүк классикалык чыгармалардан кызыктуу кыргыз тилиндеги котормолору да кабыл алынат, алар үчүн:

Биринчи байге 80 000 (сексен миң) сом.

Экинчи байге 60 000 (алтымыш миң) сом.

Үчүнчү байге 40 000 (кырк миң) сом.

Кызыктыруучу эки сыйлык – ар бири 20 000 (жыйырма миң) сом.

  1. Сынакка жиберилген чыгармалар жогорку төрт бөлүмдүн кайсы бөлүмүнө тиешелүү экени так көрсөтүлүп, «Келечек» программасынын сынагына деген атоо менен А-4 форматында кагаз жүзүндө КРнын Мамлекеттик катчысынын катчылыгына жана электрондук түрү mamkatchy@mail.ru электрондук дарегине жөнөтүлүүгө тийиш.

Келип түшкөн чыгармалар биринчи кезекте программанын талаптарына туура келиши боюнча экспертизадан өткөндөн кийин атайын түзүлгөн комиссиянын кароосуна коюлат. Комиссия тиешелүү орундарды аныктаган чечим кабыл алат.

Сынакта жеңип чыгып, байгелүү орундарга ээ болгон чыгармаларды басып чыгаруу мамлекет тарабынан Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын негизинде жүргүзүлөт.

  1. Жогорку төрт бөлүмдөн тышкары «Келечек» программасынын 5–6-бөлүмдөрүнүн талаптарына жооп берген чыгармалар комиссиянын чечими менен кабыл алынса, авторлору менен келишимдик негизде алар өндүрүшкө алынат.

Авторлорго калем акы катары ар бир чыгармадан келишимдин негизинде 500 нускадан берилет.

  1. Катышуучулар өзүлөрү тууралуу маалыматты толук бербеген учурда эмгектери сынакка кабыл алынбайт. Маалымат төмөндөгүдөй формада толтурулушу кажет:

Аты-жөнү /дареги

Катышуучу жөнүндө кыскача маалымат

Эмгегинин жанры (ыр, аңгеме, жомок ж.б)

Тематикасы

Байланыш телефону/электрондук дареги

Кошумча маалымат:

  1. Сынакты жыйынтыктоо

Чыгармаларды кабыл алуу сынак жарыяланган күндөн баштап 2022-жылдын март айына чейин улантылат. 1-марттан тартып сынакка чыгармаларды кабыл алуу токтотулат.

Жыйынтык 2022-жылдын 10-майында чыгарылып ачык жарыяланат.

Байланыш телефондор: 0312 660154; 0555 314003; 0557 681907; 0557 272607

Дареги: Бишкек шаары, И.Раззаков көчөсү №59.