Уролог-андролог Сергей Фесенко Бешинчи каналга берген маегинде «чөнтөктөгү телефон эркектердин тукумсуздугуна алып келет» деген пикирге  комментарий берди.

Медицина илимдеринин кандидаты заманбап технология эч кандай шартта эркектин потенциясына  таасир эте албайт деп ишендирет.

«Уюлдук телефондор эркектердин  урук безине  тийгизген зыяндуу таасири жөнүндөгү миф  баскычтуу телефондордун доорунан башталган, алар ткандарды жылытуу жана зыян келтирүү үчүн жетиштүү энергия менен жогорку интенсивдүү радио толкундарын чыгарышкан. Бардык заманбап мобилдик түзмөктөрдө мындай мүмкүнчүлүк жок », — деп баса белгиледи адис.

Дарыгер кошумчалагандай, изилдөө жүргүзгөн эң мыкты чет элдик жана орусиялык окумуштуулар да смартфондор эркектердин тукумсуз болуусуна таасир этпейт деген тыянакка бир нече жолу келишкен.