Ош шаардык милициясы активист Орозайым Нарматованы кармалбаганын, бул боюнча факт катталбаганын басма кызматы  билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда жана айрым маалымат каражаттарында Ош аэропортунан тергөөчүлөр тарабынан Орозайым Нарматова кармалып, Бишкекке алынып кеткени кабарланган.

Маалыматтарга караганда, ал Ошко келгенине бир канча күн болгон.  Оштон Орусияга учаарда кармалган.

Орозайым Нарматова Орусияда иштеген эмгек мигранты. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы ондук тизмеси менен шайлоого аттанган болчу.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Нарматова боюнча билдирүү калтыра элек.