Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга, өлкөнүн калкынын кеңири катмарынын арасында терс эмоцияларды жаратууга, жарандарды мыйзамсыз жана зомбулук көрсөткөн аракеттерге чакырууга багытталган укукка каршы  аракеттерди аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча интернет тармагына мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун жыйынтыгында  РФдеги Москва шаарында “Мен макул эмесмин” жана  “Менин укугум бар” коомдук кыймылдарынын лидери,  «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова Россия Федерациясында акыркы жылдары эмгек миграциясында жүргөндүгү, бул жылдар аралыгында аталган кыймылдын мүчөлөрү менен маал-маалы  менен жолугушууларды жана конференцияларды өткөрүп келгендиги аныкталган.

Бул өткөрүлгөн иш-чараларда О.Нарматова эмгек мигранттарынын, Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандардын арасында  нааразылыктарды күчөтүү максатында негизсиз сындарды дайыма айтып келген.

О.Нарматованын билдирүүлөрүндө Кыргыз Республикасынын бийлигинин ишмердүүлүгүн дискредитациялоо жана терс чакырыктарды жасаган белгилер бар.  Анын акыркы ишмердүүлүгү региондор аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга шарттарды түзүү үчүн терс маанайдагы коомдук пикирди калыптандыруу максатында коомдук-саясий процессти бир багыттуу чагылдырууга багытталгандыгы күбөлөндүрөт.

Топтолгон материалдар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүгүндө (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде катталып,   сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен   2021-жылдын 10-сентябрында О.Нарматова Ош шаарынын аэропортунда кармалган.  Учурда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн аны ИИМдин Тергөө кызматына жеткирүү чаралары көрүлүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы