arrested businessman holding hundred dollar bills isolated on a white background

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү алдамчылык иши боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы  кабарлады.

Маалыматка ылайык, КР жараны «А.Д.» БШКнын азыркы мүчөсү «А.Э.»ге карата чараларды көрүү боюнча КР УКМК арыз менен кайрылган. БШКнын азыркы мүчөсү «А.Э.» «Кыргызстан» саясий партиясынын лидерлеринин бири менен сүйлөшүүлөргө барып, 2020-жылдын июнь айында арыз менен кайрылган жарандан 2020-жылдын күз мезгилине пландаштырылган шайлоодо аталган партиянын депутаттыгына аны биринчи беш талапкердин бири катары тизмеге киргизүү үчүн 550 миң доллар өлчөмүндө акча алган.

Бирок жогоруда көрсөтүлгөн адамдар өз милдеттенмелерин аткарбай, берилген акчанын 300 миң долларын жаран «А.Д.»га кайтарып берип, калган 250 миң долларын өздөрүнө ыйгарып алуу менен арыздануучуга өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

2021-жылдын 11-сентябрында «А.Э.»нын Кыргыз Республикасынын БШКнын мүчөсү катары өзгөчө статусун эске алуу менен, ал Башкы прокурор тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү («Алдамчылык») өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланып, баш коргоо чарасын тандоо чечимин кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди.

Ошол эле күнү кылмыштын оордугун жана келтирилген зыянды эске алуу менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө иши бүткүчө «А.Э.»ны УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын кабыл алды.

УКМК алдыдагы парламенттик шайлоого катышууну көздөгөн саясий күчтөрдү шайлоо мыйзамдарын бузууга жол берилбестиги жана саясий коррупцияны жоюу зарылдыгына көңүлүн буруулары керек деп эсептейт.

Эскерте кетсек, КР УКМК мамлекеттик органдардын системасындагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү, ошондой эле саясий коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча туруктуу негизде ишин улантууда.