«Ата Мекен» менен «Реформа» партиялары коалиция түзүштү. Бул тууралуу «Реформа» партиясы Фейсбук социалдык тармактагы баракчасына жазылды.

«Реформа» менен «Ата Мекен» саясий партиялары күзүндө өтө турган парламенттик шайлоого бирге баруу максатында демократиялык коалиция түзүү меморандумуна кол коюшту. Демократиялык күчтөрдү биригүүгө чакырабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, Парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир округда, 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.