26-августта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Унаа» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү текшериле башталганын министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 12-сентябрда билдирди.

Өз кезегинде, Министрлер кабинети эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарын даярдоого тендер боюнча түшүндүрмө берди.

Билдирүүдө айтылгандай, тендер ушул жылдын 21-июлунда Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемеси тарабынан жарыяланган. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик ишканалар же 51 пайыздан кем эмес мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактар тендерге катыша алмак.

«Түшкөн маалыматка ылайык, бланктарды даярдоого кызмат көрсөтүүсү үчүн жалпы суммасы 518,5 миллион сом сунуштаган «Гознак» ЖЧКсы менен келишимге кол коюлган учурда, бланктардын наркы дээрлик 2 эсеге жогорулашына алып келмек», — деп билдирди басма сөз кызматы.

Андан кийин тендер келишимге кол коюла электе эле жокко чыгарылган жана «Унаа» мамлекеттик мекемесине эл аралык стандарттагы транспорт каражаттарын каттоо күбөлүктөрүнүн бланктарынын баасын жогорулатууга жол бербөө сунушталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы 13-сентябрда чыгарылып, коомчулукка жарыяланат.