Кызамык оорусунан улам Германиядагы Американын базасында 9 миңден ашуун ооган качкындары кармалууда, буга байланыштуу АКШга эвакуациялоочу каттамдар токтотулган, — деп билдирет  «Deutsche Welle».

Кошмо Штаттарга учак менен барган төрт оогандыктын кызамыкка чалдыкканы аныкталгандан кийин бийлик авиакаттамдарды токтотту. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки алар азыр карантинде экенин айтты.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC)  9000 оогандыктар жайгашкан Рамштайн авиабазасынан башка да бардык рейстерди токтотту.

Псаки кошумчалагандай, АКШга кирген оогандар кызамыкка каршы эмделиши керек. Рамштайнда эвакуацияланган адамдар учак менен кетээр алдында Германияда эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат.

Гезиттин маалыматы боюнча, дагы 57 ооган качкынына Улуу Британияга кирүүгө тыюу салынган. Франкфурт -на -Майне аэропортундагы британ бийликтери бул маалыматты тастыкташты жана оогандар Британ аралдарына учуу үчүн кирүү талаптарына жооп бербегенин айтышты.