Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкер Акылбек Сариевден арыз түштү.
Ал №33 Нарын шайлоо округунан ат салышууга ниеттенүүдө.
Бир мандаттуу округ боюнча депутаттыкка талапкерлер каттоо үчүн документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен — 18 -октябрда саат 18.00гө чейин тапшырышы керек.
Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештеги 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.