Бүгүн, 13-сентябрда жаңы окуу жылынын башталышына карата «Кабар» агенттигинде маалымат жыйын өткөрүлдү. Анда билим берүү мекемелеринин  жаңы окуу жылына даярдыктары тууралуу айтылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев  мугалим мектептеги төлөмдү төлөө боюнча акча талап кылса, ага карата чара көрүлөрүн билдирди.

“Мектептерде ата-эне комитети бар. Биринчи суроо: “Кимге каражатты берип жатасыңар?” Эгерде мугалим талап кылса ага сөзсүз чара көрүлөт. Конституцияда негизги билимди бекер берүү керектиги жазылуу. Бирок мүмкүнчүлүк болсо мектепке жардам бериш керек. Мурун мектеп 21 пункт менен каржыланып, бардыгы жетиштүү болчу. Бүгүнкү күндө андай эмес”, — дейт ал.

Үсөналиев белгилегендей, мектептерде мыйзам боюнча каражат чогултууга тыюу салынган.

“Эгер ата-энелер биригип, “төлөбөйбүз” десеңер, мыйзам чегинде төлөбөйсүңөр”, — дейт ал.