Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочуларды жумушка чакырат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, айдоочуларды жумушка алуу 2022-жылы 120 электробустун келишине байланыштуу.

«Биз 2022-жылга айдоочулук тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес «D» категориясындагы айдоочуларды жана троллейбустун айдоочуларын кабыл алабыз. Өз кезегинде, ишкана төмөнкүлөргө кепилдик берет: бекер окуу жана практика, расмий жумуш орду, социалдык пакет, татыктуу эмгек акы», — деп айтылат малыматта.

Маалымат үчүн БТБнын кадрлар бөлүмүнө 0312657590 байланыш номери аркылуу чалыңыздар.

Белгилей кетсек, компаниянын негизги иши — жүргүнчүлөрдү ташуу. Ал эми автобус менен троллейбустун айдоочусу — бул өтө жоопкерчиликтүү кесип, анткени алардын ар бири линияга чыкканда жүргүнчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна жооптуу болушат. Ал эми троллейбустун айдоочусунун кесиби азыркы учурда өтө сейрек кездешет.