Түркмөнстандын Балкан велаятында милиция эмгек мигранттарын, аракечтик менен катталган адамдарды, сойкулук менен алектенген аялдарды жана алимент төлөбөй жүргөн жарандарды талаага пахта терүүгө күч менен жөнөтүүдө. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери адамдарды милиция бөлүмүнө чакырып, пахта теримге катышууну талап кылышууда, деп билдирет кабарчы.

Милиция муну «түзөтүүчү жумуш» катары баалайт жана «жазанын бир бөлүгү» деп түшүндүрүүдө.

Буга чейин «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы бюджеттик кызматкерлерди пахта талааларына күч менен жөнөткөнүн буга чейин кабарлаган. Айрым басылмалардын 24 -августта жазганына караганда, Лебап велаятында күзөт полкунун кызматкерлери пахта терүүгө тартылып, 27 -августта мугалимдер менен жогорку класстын окуучулары да талаага күч менен жөнөтүлгөн.

Түркмөн ЖМКры жазгандай, быйыл Түркмөнстан 1,25 миллион тонна пахта жыйноону пландап жатат.