Ош шаарында жайгашкан Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрынын толук реконструкциясы башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Шаардын вице-мэри Жасур Азимов баштаган жумушчу топ жеринен кабар алып, аткарылып жаткан иштер боюнча таанышты.
Реконструкциялоо Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эл аралык эки тараптуу социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык башталган.
Театрды реконструкциялоону аяктоо келерки жылдын башында пландалууда. Жумуштун жалпы баасы 5 миллион долларды түзөт. Көрсөтүлгөн долбоорго ылайык, театрдын имараты толугу менен оңдолот.