Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова 2021-жылдын иш планына ылайык 9-10-сентябрда балдардын укуктары жана кызыкчылыктарынын сакталышын мониторингге алуунун алкагында Талас облусунда иш сапары менен болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Сапар жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү мекемелеринин, прокуратура, ички иштер бөлүмүнүн, балдардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоонун мамлекеттик системасын калыптандырууга жана натыйжалуу иштөөсүнө көмөктөшүү маселелери боюнча социалдык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушту.

Ошондой эле Жыпариса Рысбекова Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура райондорундагы жана Талас шаарындагы социалдык объектилерге барды. Бул Талас районунун Кум-Арык айлындагы И.Орозалиев атындагы орто мектеп, көмөктөшүүчү мектеп-интернат: Бакай-Ата районундагы ата-энесинин кароосуз калган балдардын Чалдыбар мектеп-интернаты: «Аяржан» реаблитациялоочу борбору, Талас бириккен облустук ооруканасынын балдар бөлүмү жана башкалар.

Мындан сырткары, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге кабылып, жабыркаган балдардын ата-энелери менен кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешме жүрүшүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга ата-энелер көтөргөн маселелер боюнча, ата-энелерге жана балдарга психологиялык колдоо көрсөтүү, атайын экспертизаларды өткөрүүнү тездетүү боюнча тапшырмалар берилди.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш сапарынын алкагында көтөрүлгөн маселелерди чечүү жеринде талкууланды. Мамлекеттик органдардын аймактык өкүлдөрүнө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына балдардын укуктары жана коргоо маселелери боюнча көрсөтүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштар жана тапшырмалар берилди.