Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 15-сентябрда Чүй облусундагы мектептердин бирине барып, “Тынчтык сабагын” өтөт. Бул тууралуу Марипов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, класстык саатты министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана мүчөлөрү дагы өтөт.

» Урматтуу мекендештер, 15 -сентябрда өлкөнүн бардык билим берүү мекемелеринде окуу процесси башталат, — деп жазды министрлер кабинетинин башчысы. — Окуучулар бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жатканына ишенем.Салт боюнча мектептерде окуу процессинин кайра башталышы менен «Тынчтык сабагы» класстык сааты өтөт. Бул күнү мен Чүй облусундагы мектептердин бирине барып, окуучуларга сабак берүүнү пландап жатам. Мен үчүн да, балдар үчүн да кызыктуу болот деп ойлойм», — деген ал.

Эске салсак, Кыргызстанда 15-сентябрда мектептерде окуу салттуу түрдө башталат.