Кыргызстанда уран менен торий казууну мамлекеттик компаниялар жүргүзөт. Бул тууралуу  маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Анын айтымында,  эгер мыйзам долбоору парламент тарабынан жактырылып, президент кол койсо, бул маселе жумушка тартыла турган өзүнчө органдар менен каралат.

“Эгер жаңы кодекс кабыл алынса, анда айрым беренелер өзгөртүлөт. Уран менен торийди казууда коопсуздук маселесин көзөмөлдөй турган регламент болот”, — дейт ал.

Айталиев эки жыл мурун уран менен торийди казууга тыюу салынганын кошумчалады.