Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова (62 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) октябрь айында Норвегияда турган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышат.

Акжол Махмудов (77 кг) Осло шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына барбайт.

Махмудов күрөшкөн салмакта мелдешке Кайрат Түгөлбаев бара турган болду.

Бул Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 10 спортчу барат: Нурмухаммет Абдуллаев (55 кг), Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Калы Сулайманов (63 кг), Амантур Исмаилов (67 кг), Руслан Царев (72 кг), Кайрат Түгөлбаев (77 кг), Калидин Асыкеев (82 кг), Азат Салидинов (87 кг), Бексултан Махмудов (97 кг), Роман Ким (130 кг) катышат.

Белгилей кетсек,  Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча өтөт.