Бишкектин бир катар райондорунда ысык суу 11 күнгө өчүрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Фучика №19/1 дарегиндеги газ өтүүчү түтүктөгү оңдоо иштерине байланыштуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧК жаратылыш газды берүүнү токтотту.
Мындан улам “Бишкекжылуулукэнерго” мекемеси 13-24-сентябрь аралыгында төмөнкү буу казандарда ысык суу жок болорун билдирет:
— КЭЧ-1;
— КЭЧ-2;
— аскер бөлүгүндө;
— №1 мектеп-интернаты.