Пандемияга байланыштуу былтыр токтоп калган «Америкалык келин» тасмасы жакында кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу тасманын продюсери, Кыргыз эл артисти, атактуу клоун Кадырбек Тажиев билдирди.
АКШнын Юта штатынан Дженни аттуу кыз Кыргызстанга, Ысык-Көлгө келет. Көп өтпөй эле Эрболот деген кыргыз жигит менен таанышат. Экөө бири-бирин жактырып, ортолорунда сүйүү сезими пайда болот. Ошондон тартып Дженни бирде күлкүлүү, бирде кейиштүү ар түрдүү окуяларга туш келет. Жергиликтүү эл байкабаган, көнүмүшкө айланып калган көрүнүштөрдү дароо баамдайт…
Бул тасмадагы башкы каармандардын бирин атактуу клоун Кадырбек Тажиев аткарат.
Фильмдин тизерин ютубдан көрсөңөр болот: