Уран жана торий кендерин чалгындоого, казууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлигинен маалымдашты.

Министрликтен белгилегендей, тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам 2021-жылы кабыл алынган жана ал күчүндө.

«Кыргыз Республикасында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө» мыйзамы күчүндө. Аталган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Ал эми Энергетика жана өнөр-жай министрлиги 2021-жылдын 3-сентябрында коомдук талкууга койгон «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө» мыйзам долбоорунда уран жана торий боюнча да маселе киргизген. Анда уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп так жазылган эмес. Тагыраак айтканда, үлүшү 100 пайыз мамлекетке таандык компанияга гана (менчик компанияга тиешелүү эмес) уруксат берилиши мүмкүн. Ошондо дагы экологияга зыян тийгизбей турган жана эл аралык талаптарга жооп берген технология менен иш жүргүзсө», — дешти мекемеден.

Эскерте кетсек, бул документ кабыл алына элек, коомдук талкууга гана чыгарылды.

«Ошондуктан уран кенин иштетүүгө уруксат берилет деп айтууга эртелик кылат. Коомдук талкууда келип түшкөн сунуш, пикирлер эске алынып, документтен бул пункт алып салынышы да мүмкүн», — кошумчалашты министрликтен.

Эске салсак, 2019-жылы Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин казууга эл каршы чыгып, бир нече жолу нааразычылык акциялары уюштурулган.  Балыкчыдан Бишкекке чейин жөө жүрүш да жасалган. Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран, торий кенин казууга тыюу салган мыйзам кабыл алган.