Баткен облус аймагында “Салам Мектеп” иш-чарасы болуп өттү. Бул иш-чара район аймагындагы ар бир мектептердеги жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мектептерде ата-энелерге, мектеп окуучуларына мугалимдер менен биргеликте жыйналыштарды өткөрүп, ар бир мектеп окуучунун жүрүм-туруму, билимине чогуу көзөмөлдөрүн билдиришти.   

Ошондой эле каттоодо турган жаш өспүрүмдөр менен жекече баарлашып, кылмыштуулуктун алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү аракеттерин жүргүзүштү.

Баткен облус аймагында жалпысынан 248 мектеп бар, ал эми мектепке тартылбай калган жаш өспүрүмдөр аныкталган жок.

Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы